Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 26-июнга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн басымдуу аймагында өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал.
Абанын температурасы Чүй облусунда +31…+36, Талас облусунда +28…+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33…+38, Ысык-Көл облусунда +25…+30, Нарын облусунда +24…+29 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкек шаарында +34…+36 градуска чейин жетиши күтүлөт.
