Пятница, 26 июня

Милиция Кырчын жайлоосунда рейд өткөрдү

0

Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда өткөрүлгөн рейд учурунда унаа менен жайыт жерлерин тебелеткен фактылар аныкталды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 6 жаранга протокол түзүлүп, жалпысынан 33 миң сом айып пул салынды.

«Учурда мындай рейддик иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, жайыттарды мыйзамсыз тебелеп-тепсөө жана бузуу фактылары үчүн мыйзамга ылайык административдик жоопкерчилик каралган. Эреже бузгандарга 5 500 сомдон 20 миң сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз