Пятница, 26 июня

БУУ: Израил Газада жаш балдарга карата согуш кылмышын жасаган

0

БУУнун Көз карандысыз иликтөө комиссиясы Израилди Газа секторундагы согуш учурунда палестиналык балдарга атайылап сокку урган деп айыптады. Эксперттердин корутундусуна ылайык, бул аракеттер геноцид, адамзатка каршы кылмыш жана аскердик кылмыш катары бааланат. Ошондой эле Израилдин коопсуздук күчтөрү Иордан дарыясынын батыш жээгинде да палестиналык өспүрүмдөргө каршы аскердик кылмыштарды жасагандыгы тууралуу далилдер табылганы айтылат.Докладда куралдуу кагылышуу башталгандан бери Газада каза болгондордун жалпы санынын 30%га жакынын дал ушул балдар түзгөнү баса белгиленген. Бул маалыматтар комиссиянын буга чейинки Израилдин жогорку кызмат адамдарын, анын ичинде премьер-министр Биньямин Нетаньяхуну айыптаган иликтөөлөрүнүн уландысы болуп саналат. Бул корутундулар түз соттук чечим болуп эсептелбесе да, келечекте Эл аралык кылмыш соту жана Эл аралык сот тарабынан расмий каралуучу иштерге укуктук негиз болуп бере алат.Израилдин Женевадагы БУУнун алдындагы өкүлчүлүгү бул айыптоолорду кескин түрдө четке кагып, докладды «жалаа» деп атады. Израил тараптын билдирүүсүндө, алардын армиясы жай тургундардын, өзгөчө балдардын арасындагы жоготууларды болушунча азайтуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатканы жана геноцид боюнча айыптоолор эч кандай негизге таянбай турганы айтылат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз