Воскресенье, 28 июня

Баткенде сел жүрдү

0

Баткен районунун Рават айылында жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Ош – Раззаков унаа жолу убактылуу жабылды.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, андан сырткары катуу шамалдан улам айрым жерлерде бак-дарактар сынып турак үйлөргө, электр чубалгыларына зыян келтирилген.

«Учурда жеринде жарандык коргонуу кызматтары жана тиешелүү мекемелер күчөтүлгөн тартипте иш алып баруула. Келтирилген зыянды тактоо иштери жүрүүдө. Абал көзөмөлдө», — деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз