Кегети капчыгайында дайынсыз болуп жаткан 6 жаштагы баланы издөө иштери уланууда.
Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, күн мурун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана ыктыярчы жарандар менен чогуу жалпы 1000ден ашык адам издөө иштерине тартылды.
«Тиешелүү кызматтар тарабынан издөө-куткаруу иш-чаралары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 23-июнь күнү Чүй районундагы Кегети капчыгайында Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа сууга түшүп кетип, ичиндеги 12 жаштагы кыз менен 6 жаштагы бала сууга агып кеткен. Буга чейин жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында 12 жаштагы кыздын сөөгү табылган.
Ал эми 6 жаштагы бала азыркы убакка чейин табыла элек.
