Понедельник, 29 июня

Кытайда жер титиреди

0

Кытайдын түштүк-батышындагы Ибинь шаарынын Гаосян уездинде болгон 5,5 баллдык жер титирөөдө каза болгондор жок, деп билдирет Синьхуа агенттиги.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн кесепетинен 13 адам жеңил жаракат алган. Ал эми 196 адам эвакуацияланып, убактылуу баш калкалоочу жайларга жайгаштырылган.

Белгилей кетсек, зилзала бүгүн, 29-июнда Пекин убактысы боюнча түнкү саат он экилер чамасында болгон. Сычуань провинциясында катталган жер титирөөнүн очогу 6 чакырым тереңдикте жайгашкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз