Понедельник, 29 июня

Өкмөт дыйкандарга 5 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берди

0

Дыйкан-фермерлерди мамлекеттик колдоо максатында иштелип чыккан «Айыл чарбасын каржылоо – 14» долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, долбоордун алкагында каражаттар жылдык 6 пайыздык чен менен 36 айлык мөөнөткө «АБанк» жана «Элдик Банк» аркылуу берилүүдө.

Алгач бөлүнгөн 2 млрд 448 млн сом толук өздөштүрүлгөндүктөн, министрлер кабинетинин чечими менен кошумча 3 млрд сом бөлүнүп, долбоордун жалпы суммасы олуттуу өскөн.

«Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча жалпы 5 млрд 74 млн сомдук 7 694 насыя берилди», — деп айтылат маалыматта.
Каражаттар банктар тарабынан төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

«АБанк» ААК аркылуу (жалпы: 2 млрд 465,8 млн сом, 3 750 насыя):

мал чарбачылыгына – 2 млрд 165,2 млн сом (3 204 насыя);
өсүмдүк өстүрүүгө – 263,6 млн сом (512 насыя);
сууну үнөмдөөчү технологияларга – 37 млн сом (34 насыя).
«Элдик Банк» ААК аркылуу (жалпы: 2 млрд 608,2 млн сом, 3 944 насыя):

мал чарбачылыгына – 2 млрд 423,5 млн сом (3 624 насыя);
өсүмдүк өстүрүүгө – 163,5 млн сом (303 насыя);
сууну үнөмдөөчү технологияларга – 21,2 млн сом (17 насыя).

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз