Вторник, 30 июня

Тоңдо 47 гектардан ашык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

0

Тоң районунда мыйзамсыз берилген 47 гектар ашык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул туралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

Натыйжада Улахол, Ак-Терек жана Күн-Чыгыш айыл аймактарына караштуу жалпы 47,84 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкелери 2006-2008-жылдар аралыгында жеке жактардын менчигине мыйзамсыз өтүп кеткендиги аныкталган.

«Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында 65 млн сомго бааланган жер тилкелери толугу менен мамлекеттин менчигине кайтарылды»,-деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз