Парагвай курама командасы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 финалына чыгуу үчүн пенальти сериясында Германияны жеңип алды.
ТАСС агенттиги кабарлагандай, дүйшөмбү күнү Бостондо өткөн беттештин негизги убактысы 1:1 эсебинде аяктады.
Парагвайлыктардан Хулио Энсисо 42-мүнөттө гол жаратса, Германия курамасынын катарында голду 54-мүнөттө Кай Хаверц киргизди. Кошумча убакытта командалар гол киргизе алышкан жок, ал эми пенальти сериясында Парагвай курамасынын оюнчулары германиялык атаандаштарын 4:3 эсебинде жеңип алды.
Эми парагвайлыктар 4-июлда Филадельфияда өтө турган чейрек финалдык беттеште Франция менен Швеция курамаларынын ортосундагы оюндун жеңүүчүсү менен кездешет.
Дүйнө чемпионаты 19-июлда жыйынтыкталат.
Белгилей кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпионаты биринчи жолу үч өлкөдө — АКШда, Канадада жана Мексикада өтүп жатат.
