Четверг, 2 июля

Алфавит өзгөрөбү? Орунбеков жооп берди

0

Кыргыз алфавити мурдагыдай эле 36 тамгадан турат жана өзгөрүүсүз калат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, акыркы күндөрү Улуттук илимдер академиясынын айрым окумуштуулары кыргыз тилиндеги «Э» жана «Е» тамгаларына байланыштуу жеке сунуштарын коомдук талкууга чыгаргандан бери социалдык тармактарда кызуу талаш-тартыштар жүрүүдө.

«Белгилей кетүүчү жагдай, бул – болгону жеке көз караш жана жеке демилге. Мамлекет тарабынан кыргыз алфавитин өзгөртүү боюнча эч кандай чечим да, демилге да көтөрүлгөн эмес. Мындай сунуштарды көтөрүп чыккандар, коомчулукта негизсиз талаш-тартыштарды жана нааразычылыкты жарата турган демилгелерди коомчулукка чыгарардан мурда анын зарылдыгын, кесепеттерин жана коомдук кызыкчылыкты кылдат таразалап чыгуу жоопкерчилиги бар экенин эске алсаңыздар», – деп баса белгиледи Дайырбек Орунбеков.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз