2026-жылдын 1-июлунда Казакстанда ушул жылдын 15-мартында өткөн жалпы элдик референдумдун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган жаңы Конституция күчүнө кирди. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Баш мыйзам мамлекеттик башкаруу системасын олуттуу түрдө өзгөртөт. Негизги жаңылыктардын бири – «күчтүү президент – таасирдүү Курултай – отчёт берүүчү өкмөт» принцибине негизделген бийликтин жаңы моделинин калыптанышы болду.
Өлкөдө эки палаталуу парламенттин ордуна жаңы жогорку өкүлчүлүктүү орган – Курултай иштей баштайт. Ал шайлоонун негизинде куралып, бир катар негизги мамлекеттик кызматтарды дайындоого катышуу жана өкмөттүн ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө сыяктуу кеңейтилген ыйгарым укуктарга ээ болот.
Ошондой эле саясий системага вице-президент кызмат орду киргизилүүдө, ал Курултайдын макулдугу менен президент тарабынан дайындалат.
Реформалардын дагы бир өзүнчө багыты – жарандык коомдун мамлекеттик маанилүү чечимдерди талкуулоого жана демилгелерди иштеп чыгууга катышуусун камсыз кылууга багытталган консультациялык орган – «Қазақстан Халық Кеңесі» (Казакстан элдик кеңеши) түзүлдү.
Жаңы Конституция мамлекеттүүлүктүн негизги принциптерин, анын ичинде өлкөнүн унитардык түзүлүшүн жана аймагынын кол тийбестигин сактап калат. Муну менен бирге документ мамлекеттик институттардын ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмдерин күчөтөт жана чечимдерди кабыл алууда коомдук түзүмдөрдүн катышуусун кеңейтет.
Реформалардын алкагында сот системасына, шайлоого, мамлекеттик башкарууга жана социалдык кепилдиктерге тиешелүү жоболор да жаңыланды.
Казакстандын бийлик органдары Конституциянын күчүнө кириши өлкөнүн саясий жана институтуциялык өнүгүүсүнүн жаңы баскычын ачарын, ал мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана коомчулуктун катышуусун кеңейтүүгө багытталганын белгилешет.
