Четверг, 2 июля

Нарында сел жүрдү

0

Бишкек – Нарын – Торугарт жана Сары-Булак – Соң-Көл унаа жолдорунда сел калдыктарын тазалоо иштери жүрүүдө, учурда каттам бар.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, 1-июлда нөшөрлөп жааган жаандан улам Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 273-275-чакырымдарында жана Сары-Булак – Соң-Көл багытынын 0-3-чакырымдарында жолдун айрым тилкелерин суу каптаган.

Жерине №14 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар ыкчам тартылды.

«Учурда автогрейдердин жардамы менен суунун нугун буруу, жолдун үстүн кырып-тегиздөө иштери аткарылууда. Эки жолдо тең унаалардын кыймылы үзгүлтүксүз уланып жатат», — деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз