Четверг, 2 июля

Алай-Кууда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

0

Кара-Кулжа районунун Алай-Куу айыл аймагында селдин кесепеттерин жоюу жана тазалоо иштери кызуу жүрүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынан билдиришкендей, 1-июлда катуу жааган жамгырдан улам Терек жана Коо-Чаты айылдарында кокту-колоттордон түшкөн сел суулары турак үйлөрдүн ичине, короо-жайларына жана чарбалык курулуштарына кирген.

Ошондой эле Терек айылына баруучу унаа жолу убактылуу жабылып, ӨКМдин жана жол мекемелеринин ыкчам аракети менен бүгүн, 2-июлда саат 04:30да жол бир тараптуу ачылып, каттам калыбына келтирилди.

«Учурда башкармалыктын башчысы Эрланбек Мусаев жана жергиликтүү бийлик жетекчилери тарабынан ыкчам штаб уюштурулуп, иштер координацияланууда. Кесепеттерди жоюуга 50 куткаруучу, жергиликтүү кызматтардан жана тургундардан 30 адам, ошондой эле жалпы 10го чукул атайын техника тартылды», — деп айтылат билдирүүдө.
Азыркы тапта аймакта сел калдыктарын тазалоо иштери улантылууда, кошумча маалымат берилет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз