Пятница, 3 июля

Дыйкан – Кара-Кече – Молдо-Ашуу унаа жолунда сел жүрдү

0

Акыркы күндөрү нөшөрлөп жааган жаан-чачындын кесепетинен Дыйкан – Кара-Кече – Молдо-Ашуу унаа жолунда сел жүрдү.

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, табигый кырсыктын айынан аталган каттамдын 30-32-чакырымындагы көпүрө толугу менен жараксыз абалга келген.

Натыйжада Кара-Кече көмүр кенине алып баруучу жолдо бардыкунаа кыймылы токтотулду.

«Кыргызкөмүр» ишканасы бардык жүк ташуучу жана жеңил унаалардын ээлерин, көмүр ташуучуларды, ишкерлерди жана жарандарды жол толук калыбына келтирилгенге чейин Кара-Кече багытына каттабай турууга чакырат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз