Понедельник, 6 июля

ШКУнун лагерине Өзбекстандан 15 окуучу катышат

0

Өлкөдө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жаш окумуштуулары үчүн эл аралык илимий-билим берүү лагери уюштурулууда. Ага катышуу максатында Кыргызстанга Өзбекстандан делегация келди.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, аталган делегациянын курамында 15 окуучу жана 2 профессор бар. Конокторду «Манас» эл аралык аэропортунан министрликтин Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулманов тосуп алды.

Эл аралык илимий-билим берүү лагери ШКУга мүчө мамлекеттердин мектеп окуучуларынын ортосунда тажрыйба алмашууга, илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жаңы демилгелерди ишке ашырууга багытталган.

Белгилей кетсек, иш-чара Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусунун алкагында Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз