Понедельник, 6 июля

Министр кайсыл медициналык кызматтар бекер экенин айтты

0

Жарандардын медициналык жардам алуусу үчүн учурда 13 млрд сом бөлүнүүдө. Бирок, мамлекеттин эсебинен бардык медициналык кызматтарды толук каржылоо үчүн 80 млрд сомдон ашык каражат талап кылынат. Бул тууралуу «Кабар подкаст» берүүсүндө саламаттыкты сактоо министри Дамирбек Осмонов билдирди.

Министрдин айтымында, азыркы шартта мамлекеттин саламаттыкты сактоо системасын толугу менен каржылоого мүмкүнчүлүгү аз. Бирок, ага карабастан, акыркы жылдары тармакта олуттуу жылыштар байкалууда. Салыштыруу иретинде бир нече жыл мурда акысыз медицина үчүн 5 млрд сомдон аз каражат бөлүнчү.

«Мамлекеттик каржылоону 100 пайыз камсыз кылуу азырынча кыйын болгондуктан, биз жаңы Мамлекеттик кепилдиктер программасын иштеп чыктык. Бул программа ооруну аныктоо жана дарылоо ыкмаларына жараша бөлүнгөн 450дөй медициналык кызматтын топтомун камтыйт. Алардын ичинен өмүргө эң чоң коркунуч жараткан 175 негизги пакет тандалып алынды. Бул кызматтар жарандарга толугу менен акысыз көрсөтүлөт. Ал эми калган медициналык топтомдор боюнча кошумча төлөм киргизүү маселеси каралууда. Анын өлчөмү жарандардын жеңилдик категорияларына — майыптыгы, жаш курагы, кош бойлуулугу, пенсиялык статусу жана башка факторлорго жараша аныкталат», — деди Дамирбек Осмонов.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз