Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев сел кырсыгы катталган Алайкуу айыл аймагынын Терек жана Кан-Коргон айылдарындагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, министр селден жабыркаган аймактарды кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, райондук Жарандык коргонуу кызматтары жана тартылган мекеме-уюмдардын жетекчилери менен жыйын өткөрүп, селден кийинки калыбына келтирүү иштерин ыкчам жана сапаттуу жүргүзүү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.
Тактоо иштеринин жыйынтыгында Терек айылында жалпы 50 турак жай жабыркаган. Анын ичинен 1 үй авариялык абалга келип, 12 турак үйдүн жертөлөсүн жана 34 үй-бүлөнүн короо-сарайларын сел суулары каптаган. Ошондой эле 1 мечиттин, Терек үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана 35/10 кВ «Терек» электр подстанциясынын короолору сел алдында калган.
Ал эми Кан-Коргон айылында 11 турак жайдын короосуна сел суулары кирген.
«Учурда селдин кесепеттерин жоюу жана тазалоо иштери үзгүлтүксүз улантылууда. Турак жайлардын, социалдык объекттердин аймактары тазаланып, ички чарбалык жолдорду жана Терек – Чат-Терек унаа жолун калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.
Бул иштерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 4 атайын инженердик техника тартылган.
