«Манас» эл аралык аэропорту ишин кайрадан жандантты. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКтан билдиришти.
Ишканадан белгилешкендей, каттамдар жаңыланган расписаниеге ылайык аткарыла баштайт.
Эске салсак, кечээ Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортунда TezJet авиакомпаниясынын учагы катышкан өзгөчө кырдаал катталган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, учак асманга көтөрүлөрүндө арткы шассиси (дөңгөлөгү) сынып кеткен. Буга байланыштуу учак сол канатына кыйшайып, өйдө көтөрүлүүгө үлгүрбөй, учуп-конуу тилкесине кулап түшкөн.
