Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунда «Көк-Арт» төлөм алуу пункту ишке кирди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, пункт жолдун 318-чакырымында жайгашкан.
«Төлөм накталай эмес тартипте гана жүргүзүлөт. Айдоочулар төлөмдү QR-код, банктык карта жана башка электрондук төлөм каражаттары аркылуу жүргүзө алышат», — деп айтылат маалыматта.
