«Кепилдик фонд» ААК ишке ашырып жаткан «Келечек» кепилдик продуктусу кыска убакыттын ичинде кыргызстандыктардын өз турак жайына ээ болуу мүмкүнчүлүгүн кыйла кеңейтти.
Фонддон билдиришкендей, аталган продукт 2025-жылдын экинчи жарымында гана ишке киргенине карабастан, бир жылга жетпеген убакыт ичинде жогорку суроо-талапка ээ экенин көрсөттү.
Көпчүлүк жарандар үчүн ипотека алууда негизги тоскоолдук болгон баштапкы төлөм маселеси дал ушул фонддун кепилдиги менен чечилген. Натыйжада «Келечек» программасы аркылуу 267 үй-бүлө өз үйүнө ээ болду», — деп айтылат маалыматта.
Быйылкы жылдын 30-июнуна карата жалпы суммасы 334,3 млн сомду түзгөн 267 кепилдик берилди. Бул кепилдиктердин аркасында жарандар банктардан 1 млрд 352,5 млн сомдон ашык ипотекалык кредиттерди ала алышты.
Белгиленгендей, берилген кепилдиктердин 60%дан ашыгы (жалпы 206,6 млн сомдук 162 кепилдик) дал ушул 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгына туура келет. Бул көрсөткүч программага болгон кызыгуунун туруктуу түрдө өсүп жатканын далилдейт.
