Суббота, 11 июля

Эми чет элдик студенттер бирдиктүү система менен кабыл алынат

0

Бишкек шаарында “Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу борбору” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүнө арналган брифинг өтүүдө.

Иш-чарага илим, билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Дурусбек Козуев, борбордун директору Чыңгыз Узакбаев, жогорку окуу жайлардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү катышууда.

Брифингдин жүрүшүндө Дурусбек Козуев Кыргызстан эл аралык билим берүү кызматташтыгына ар дайым ачык экенин белгиледи.
Анын айтымында, акыркы жылдары өлкөнүн жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган чет өлкөлүк студенттердин саны өсүп жатат. Бул Кыргызстандагы билим берүү системасына болгон ишенимдин жогорулап жатканын көрсөтөт.

“Ошол эле учурда чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуу, аларга маалымат берүү жана окуу процессинде колдоо көрсөтүү боюнча жаңы талаптар пайда болууда. Ушул максатта министрликтин алдында чет өлкөлүк студенттер менен иш алып баруучу атайын борбор түзүлдү.
Борбордун негизги милдети — чет өлкөлүк жарандар, элчиликтер жана билим берүү мекемелери менен өз ара иштешүүнүн бирдиктүү системасын түзүү. Эми чет өлкөлүк студенттер окууга тапшыруу, билим алуу жана өлкөдө жүрүү маселелери боюнча керектүү маалыматтарды бир жерден ала алышат.
Биздин максат — бардык процедураларды ачык жана түшүнүктүү кылуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана чет өлкөлүк студенттер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Бул “Бирдиктүү терезе” принциби аркылуу ишке ашып, Кыргызстанда билим алууну каалаган чет өлкөлүк жарандарга натыйжалуу колдоо көрсөтүүгө багытталат”, — деди Дурусбек Козуев.
Белгилей кетсек, “Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу борбору” мамлекеттик ишканасы 2026-жылдын 18-мартында түзүлгөн. Борбор чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу процессин жөнөкөйлөтүүгө, маалыматтык колдоону күчөтүүгө жана Кыргызстандагы билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз