Понедельник, 13 июля

ӨКМдин жетекчиси Ысык-Көлгө барды

0

Кечээ өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан сел өтүүчү каналдардын курулушунан жана селдин кесепеттерин жоюу иштеринен кабар алды.

Ведомствонун маалыматына караганда, быйыл ӨКМ тарабынан облустун Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту, Темир айылында сел өтүүчү канал курулууда. Долбоор боюнча эки айылдагы каналдын курулушун ушул жылдын соңуна чейин бүтүрүү каралган.

Алсак Бактуу-Долоноту айылында 2025-жылдан бери жалпы узундугу 2570 м сел өтүүчү канал, ал эми Темир айылында жалпы узундугу 2040 м каналдын курулушу жүрүүдө.

Мындан тышкары, министр Ысык-Көл районунун Григорьевка капчыгайында Чоң-Ак-Суу суусунун нугунда курулган көпүрөнү көрүп чыкты.

Чыныбаев райондогу жергиликтүү эл үчүн жана туристтик аймак катары эсептелген Ысык-Көл районундагы коопсуздук маселеси маанилүү экенин баса белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз