Четверг, 16 июля

ФЕТОнун Түркиядагы төңкөрүш аракетине он жыл болду

0

Мындан тогуз жыл мурун, тагыраагы 15-июль 2016-жылы Түркияда төңкөрүш аракети болуп Фетхуллах Гүлендин колдоочулары расмий бийликти кулатууга аракет кылган. ФЕТО делген бул уюмдун кандайча бул төңкөрүш аракетин ишке ашырганына кыргыз окурмандары дагеле кызыгып келишет. Андыктан бул макала 21-кылымдын эң кандуу төңкөрүш аракеттеринин бири болгон 15-июль төңкөрүш аракетинин чоо жайын иликтемекчи.

Төңкөрүш аракети 2016-жылдын 15-июлунда кечке жуук башталып, 16-июль күнү таңга маалга чейин созулган. Алгач Стамбул шаарындагы Богазичи көпүрөсү (азыркы аты 15-июль Шейиттер көпүрөсү) аскерлер тарабынан тосулуп, ал жердеги адамдарга ок атылып, Түркиянын Улуу Улуттук Мажлисине, Анкара Ички коопсуздук башкармалыгына, Чалгын кызматына, полициянын Атайын даярдыктагы отрядынын штабына бомба жана ракеталар менен сокку жасалган. Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоганга кол салуу аракети уюштурулуп, анын резиденциясына ракета атылып, эң жогорку аскерий жетекчилер колго түшүрүлгөн. Андыктан кан менен коштолгон бул төңкөрүш аракети капыстан эле болуп кеткен деп айтуу мүмкүн эмес. ФЕТО уюму тарабынан аскерий төңкөрүш алдын ала даярдалган, ийне-жибине чейин пландалган жана мамлекеттик башкарууну толук түрдө колго алуу максат кылынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз