Четверг, 16 июля

Жабылган Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолу кайрадан ачылды

0

Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолу селден тазаланып, эки тараптуу каттам берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, күн мурун жолдун 361-367-чакырымын аралыгында 3 жерден сел жүрүп, жолдун бир тарабы убактылуу жабылган.

Жеринде министрликтин №31 Жол тейлөө мекемеси тазалоо иштерин ыкчам жүргүздү.

«Жолчулар таңкы саат 04:00гө чейин атайын техникалардын жардамы менен сел жүргөн тилкелерди толугу менен тазалап, жолду коопсуз пайдаланууга даярдашты. 06:00дөгү каттам үчүн эки тараптуу кыймыл толугу менен ачылды», — деп айтылат маалыматта.
Учурда жолдун жээгинде калган сел калдыктарын тазалоо жана жолдун туурасын кеңейтүү иштери улантылып жатат. Кырдаал тиешелүү жол кызматкерлердин көзөмөлүндө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз