Суббота, 11 мая

Эртең Ошто “Ош Фест -2019” туристтик фестивалы өтөт

0

“Ош- түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык иш-чарасынын алкагында “Ош Фест -2019” туристтик фестивалын өткөрөт. 

Иш чара 17-августта, Улуу Жибек Жолундагы “Чыгыш кербени” Сулайман-Тоо” музейинин автоунаа токтоочу жайынан, “Алымбек-Датка” этнографиялык комплексине чейин этно кербен жүрөт. Төө, топоз жана аттарга артылган жүктөрү менен, кыргыз, өзбек, фарсы, индус жана кытай улуттарынын өкүлдөрү маршрут боюнча жол тартышат.
Алгач расмий коноктор “Тамак- аш жарманкеси»менен таанышат. Ошондой эле, расмий коноктордун чет элден келген туристтер менен баарлашуусу болот. Мындан тышкары“Ош базары” жер-жемиш жарманкеси, “Кол өнөрчүлөр” жарманкеси уюштурулат. Андан соң, көп улуттуу Ош элинин каада-салты менен таанышуу болот.
Ошол эле этнографиялык борбордун аллеясында “Кеште-терме” фестивалынын кол өнөрчүлөр көргөзмөсүн ачуу аземи өтөт.

Кечки убакта “Сулайман Тоо” музей комплексинин алдында “Ош Фест” туристтик фестивалына арналган театрлаштырылган композиция тартууланып, Таттыбүбү Турсунбаеванын жаркын элесине арналган “Алтын Өрөөн” республикалык дизайнерлер фестивалынын улуттук кийимдердин мода көргөзмөсү менен уланат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз