Суббота, 21 сентября

Салянова үй камагына чыкты эми операцияга даярданат

0

Мурунку баш прокурор Аида Салянова социалдык тармакта,үй камагына чыгып, операцияга даярдана турганын, мындан улам көп убакытка чейин байланышууга мүмкүнчүлүгү болбостугун кабарлады.

“‌Бир нерсени так айткым келет. Мен 73 күн камакта Алмазбек Атамбаевди коргоп, ага жан тарткан үчүн отурган жокмун. Ал ага татыксыз. Менин камакта болгонумдун бир эле себеби бар — мен эч качан коррупцияга аралашкан эмесмин. Азыр мага коюлган күнөөгө да тиешем жок. Ушунча убакыт чындык жеңет деп күттүм. Мен мурда айткан сөздөрүмдөн кайткан жокмун. Тергөө ага түшүнүү менен мамиле кылды”,-деп жазды ал.

 Экс депутат Салянова колдоо көрсөткөнү үчүн коомчулукка ыраазычылык билдирип, оорусуна байланыштуу операцияга даярданып жатканын кошумчалады.

Эске салсак, Салянова камактагы кезинде, 15-июнда, ден соолугуна байланыштуу Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилген. Дарыгерлер консилиумдан кийин «Салянова ооруканада болушу керек» деген чечим чыгарып, анын жүрөк-кан тамыр илдеттери менен жабыркай турганын маалымдашкан. Ошондой эле, бейтапка оперция жасалуу керектиги кабарланган. Бирок ошол учурда операциядан баш тарткан. 

Кошумчалай кетсек, Аида Салянованы кримтѳбѳл Азиз Батукаевди качыруу ишине шектүү деп 3-июлда каммака алынган. ИИмдин маалыматы боюнча, экс депутат тергөө менен кызматташуу тууралуу келишим түзгѳнү үчүн үй камагына чыккан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз