Чүйдө 5,5 млн долларлык айнек заводу курулууда.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, завод Чүй облусунун Новопокровка айылында «Гласс Центр» ЖЧК кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы тарабынан курулуп жатат.
Агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров иш сапары менен барып, анын жүрүшүндө айнек пакеттерин жана жарыкты чагылдыруучу айнектерди чыгаруучу заманбап өндүрүш комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышып, инвесторлор жана ишкананын жетекчилиги менен биргеликте объектти пайдаланууга берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан даярдык иштеринен кабар алды.
«Ишке ашырылган ар бир инвестициялык долбоор Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугунун жана бизнес коомчулугунун өлкөгө болгон ишениминин көрсөткүчү болуп саналат. Биздин негизги милдетибиз инвестицияларды тартуу менен гана чектелбестен, долбоорлорду ийгиликтүү ишке киргизүүгө чейин ар тараптуу коштоп жүрүү болуп эсептелет. Дал ушундай өндүрүштөр өлкөнүн жаңы өнөр жай экономикасынын пайдубалын түптөп, жаңы жумуш орундарын түзүп, инвестициялардын мындан ары да көбүрөк тартылышына шарт түзөт», — деди Равшанбек Сабиров.
Долбоор кыргыз-өзбек инвестициялык кызматташтыгынын алкагында ишке ашырылып, мамлекеттин, финансылык институттардын жана жеке сектордун натыйжалуу өнөктөштүгүнүн ийгиликтүү мисалы болуп саналат. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 5,5 млн АКШ долларын түзөт. Анын 50,7 пайызы Өзбекстан–Кыргызстан өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланса, 49,3 пайызы инвесторлордун өздүк каражаттарынын эсебинен камсыздалган.
Ишкананы пайдаланууга берүү ата мекендик курулуш материалдарын өндүрүүнүн көлөмүн кеңейтүүгө, импортко болгон көз карандылыкты азайтууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт. Мындай долбоорлорду ишке ашыруу өнөр жайды өнүктүрүү жана түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.
