«Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Президент Садыр Жапаров кол койгон бул документ гендердик теңчиликти чыңдоого, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга жана эмгек чөйрөсүндөгү коопсуздукту күчөтүүгө багытталган олуттуу нормаларды камтыйт. Тиешелүү мыйзам долбоору 2026-жылдын 4-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, «гендердик зомбулук», «сексуалдык асылуу», «эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук» жана «үй-бүлөлүк милдеттери бар кызматкерлер» деген түшүнүктөр такталды. Эмгек чөйрөсүндө зомбулуктан жана асылуудан эркин болуу укугу расмий бекитилди.
Сексуалдык асылуу эми кандай аныкталат?
Мыйзамдагы жаңы аныктамага ылайык, сексуалдык асылуу — аялдардын жана эркектердин кадыр-баркына шек келтирген, алар үчүн жагымсыз жана кемсинтүүчү сексуалдык мүнөздөгү дене бойлук, вербалдык же вербалдык эмес жүрүм-турум, ошондой эле жыныстык белгиси боюнча башка жүрүм-турум түрүндө көрсөтүлгөн гендердик басмырлоо. Ошондой эле адамдын мындай жүрүм-турумдан баш тартуусу же ага макул болушу анын жумушуна таасир эткен чечимдерди кабыл алууда негиз катары колдонулса, бул да сексуалдык асылуу болуп эсептелет. Мындан тышкары, коркуткан, кастык мамиле жараткан же кемсинткен иш чөйрөсүн түзгөн жүрүм-турум да ушул түшүнүккө кирет.
Сексуалдык асылуу төмөнкүдөй учурларда катталса, жумуштагы асылуу катары каралат:
иштеген жерде, анын ичинде коомдук жана жеке жайларда;
кызматкер айлык алган, эс алган, тамактанган жана санитардык-тиричилик жайларын пайдаланган жерлерде;
иш сапарларда, жол жүрүүдө, окууда жана иш-чараларда;
жумушка байланыштуу кат алышууларда, анын ичинде мессенджерлер аркылуу;
иш берүүчү берген турак жайда;
жумушка бара жатканда жана үйгө кайтып келе жатканда.
Мамлекеттик кызматтагы квоталар жана жаңы талаптар
Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кадрдык курамында бир жыныстагы кызматкерлер 70 пайыздан ашык басымдуулук кылбашы тийиш.
Эгер конкурс жыйынтыгында бирдей шарттагы эки талапкер (эркек жана аял) өтсө, бош кызмат ордуна ошол органда аз көрсөтүлгөн жыныстагы талапкер кабыл алынышы зарыл.
Үч жылдын аралыгында кызмат ордунан көтөрүлбөгөн же окууга жөнөтүлбөгөн кызматкер жетекчиликтен мунун себебин жазуу жүзүндө түшүндүрүп берүүнү талап кыла алат.
Иш берүүчүлөргө коюлган чектөөлөр
Бош орундарга жарыя берүүдө жынысына карата негизсиз чектөөлөрдү киргизүүгө (мисалы, бир гана эркектер же аялдар үчүн деп көрсөтүүгө) тыюу салынат.
Талапкерлерден кесиптик сапаттарына тиешеси жок маалыматтарды, анын ичинде жеке жашоосу, балдарынын бар-жогу, бала төрөө пландары же үй-бүлө мүчөлөрүнө кам көрүү милдеттери тууралуу суроого жол берилбейт.
Иш берүүчү үй-бүлөлүк милдеттери бар кызматкерлердин жумуш орундарын алардын кызыкчылыктарын эске алуу менен уюштурууга тийиш. Үй-бүлөлүк милдеттер өз алдынча эмгек мамилелерин токтотууга негиз боло албайт.
Жоопкерчилик жана далилдөө
Эгер адам өзүнө карата басмырлоо болгонун болжолдоого негиз берген фактыларды көрсөтсө, басмырлоо болбогонун далилдөө милдети арыз каралып жаткан тарапка жүктөлөт.
Сот гендердик басмырлоо фактысын аныктаса, иш берүүчү жумушка алынбай калган адамды ишке кабыл алууга же мыйзамсыз бошотулган кызматкерди кайра кызмат ордуна коюуга милдеттендирилет. Жабыркаган адамга моралдык жана материалдык зыяндын орду толтурулат.
Кылмыш-жаза кодексинин 189-беренесине өзгөртүү киргизилип, адамдын тең укуктуулугун жынысына же башка белгилерине карата бузган, ошондой эле укуктарын ишке ашырууга тоскоолдук кылган аракеттер үчүн айып пул же эркиндигинен ажыратуу жазалары каралды.
Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана отчеттуулук
Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жаатында иштеген кызматкерлердин квалификациясы жылына кеминде бир жолу жогорулатылып, материалдык эмес шыктандыруу чаралары киргизилет.
Мамлекеттик органдарда гендердик өзүн-өзү баалоо жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча жыл сайын отчет берилет жана ачык жарыяланат.
Гендердик басмырлоого кабылган жарандар акыйкатчыга, прокуратурага, сотко жана башка мамлекеттик органдарга кайрыла алышат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
