Өлкөнүн бир катар унаа жолдорунда жаандан улам сел жүрүп, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев маалымдады.
Анын айтымында, Таш-Көмүр – Кербен – Ала-Бука унаа жолунун 40-54-чакырымдар аралыгында сегиз жерден сел түшкөн. Учурда министрликтин жол тейлөө кызматкерлери атайын техникалар менен тазалоо иштерин жүргүзүп, жолдо унаа кыймылы бир тилке аркылуу камсыздалууда.
Ошондой эле Бишкек – Балыкчы – Нарын – Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 131–134-чакырымдар аралыгында сел түшүп, жол атайын техникалардын жардамы менен тазаланды. Учурда каттам толугу менен ачык.
Мындан тышкары, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун Кажы-Сай айылы аймагындагы 104-чакырымында да сел жүргөн. Жол тазаланып, унаа кыймылы толук калыбына келтирилди.
