Ош облусунда «Кыргызстандын коомдук саламаттыгы: жетишкендиктер, инновациялар жана келечеги» аталышындагы тегерек стол өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш-чара президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан уюштурулуп, анда 2030-жылга чейин саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, саламаттык сактоо кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана дин өкүлдөрү катышты. Анда коомдук саламаттыкты чыңдоо, эмдөөнү күчөтүү, оорулардын алдын алуу, ошондой эле «40 долбоор, 40 кадам, 40 чечим» демилгесинин алкагындагы иш-чаралар боюнча сунуштар айтылып, жыйындын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.
