Четверг, 23 июля

Түндүк – Түштүк жолу күн сайын 20:00дөн 06:00гө чейин жабылат

0

Ош облусунун тургундарына Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолу аркылуу Ысык-Көлгө барууда түнкүсүн убактылуу чектөөлөр киргизилгени эскертилди.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, 2026-жылдын жай-күз мезгилинде транспорттун агымы кескин көбөйгөндүгүнө байланыштуу Нарын облусунун Жумгал районундагы Сары-Булуң тилкеси күн сайын саат 20:00дөн 06:00гө чейин унаа кыймылы үчүн жабылып турат.

Бул чектөө жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында киргизилүүдө.

Бийлик өкүлдөрү Ысык-Көлгө сапарга чыгууну пландап жаткан Ош облусунун тургундарын каттамды алдын ала мерчемдеп, жолдун жабылуу графигин эске алууга чакырат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз