Жапонияда жер титирөөдөн каза тапкандардын саны өсүүдө

0

Жапониянын Кумамото префектурасында кечээ болгон 7,1 баллдык жер титирөөнүн кесепетинен каза тапкандардын саны 13кө жетти.

Каза болгондордун бирөөсү бир кабаты кулап түшкөн соода борборунда катталгандыгы, урандылардын астында дагы бир нече адам болушу мүмкүн экени айтылууда.

Мамлекеттик телеканал NHKнын маалыматына караганда, Жапониянын премьер-министри Такайичи Санаэ кечеги жер титирөө тууралуу басма сөз жыйынын өткөрдү.

Такайичи Кумамото префектурасынын түштүгүндөгү жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 13кө жеткенин билдирди.

Кумамото префектурасынын администрациясы дагы жер титирөөнүн натыйжасында 31 адам жарадар болгонун маалымдады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз