Маданият министрлиги тарыхый объекттерди коргоо мыйзамын даярдады

0

“Тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо чөйрөсүндөгү мораторий жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан иштелип чыккан.

Мыйзам долбоору тарыхый-маданий мурас объекттеринин мүмкүн болушунча толук сакталышын камсыз кылуу, алардын атайылап бузулушуна, тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинен, анын ичинде коммерциялык жана курулуш максаттарында чыгарылышына жол бербөө, ошондой эле маданий мурасты келечек муундар үчүн сактоо максатын көздөйт.

Ага ылайык, эстеликтерди мамлекеттик коргоо реестрлеринен чыгаруу жол-жоболоруна, аларды бузууга жана алардын коргоо аймактарында башаламан курулуш жүргүзүүгө 10 жылдык убактылуу тыюу салуу (мораторийди) сунушталууда.

Документ тарыхый-маданий мурас объекттерин толук инвентаризациялоону жүргүзүүнү карайт. Анткени бүгүнкү күнгө чейин объекттердин олуттуу бөлүгүнүн эсептик документтери жаңыртылбай, чек аралары так аныкталган эмес, техникалык абалы жана укуктук макамы жөнүндө толук маалымат жок.

Мындан тышкары, 2026–2030-жылдарга бекитилген мамлекеттик программалык документтерде тарыхый-маданий мурас объекттерин аныктоо, өлкөнүн райондору боюнча объекттердин карталарын жана бирдиктүү маалымат базасын түзүү боюнча иш-чаралар каралган.

Ушуга байланыштуу тарыхый-маданий мурас объекттерин инвентаризациялоону жүргүзүү объекттерди мамлекеттик эсепке алуунун ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга, аларды коргоонун натыйжалуулугун жогорулатууга, алардын жоголушуна жол бербөөгө, бирдиктүү санариптик маалымат базасын түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын маданий мурасын сактоо менен социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылууга багытталган зарыл чара болуп саналат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз