Суббота, 21 сентября

Кашмирдеги ок атышуудан он адам каза болду

0

Ок атышуу окуясы Индия менен Пакистан ортосундагы көзөмөл жүргүзүү пунктунда болуп өттү. Эки ѳлкѳнүн ортосундагы кѳзѳмѳл жүргүзүү пунктунда атышуудан  Пакистандык үч солдат, Индиянын беш аскер кызматкери жана эки карапайым адам каза болгон. 

Пакистандык ММКалардын маалыматына ылайык, окуя Липа айылында болгон. Пакистан тарап индиялыктардын ок атуусуна жооп кайтарганда эки карапайым адам каза болгонун маалымдашат.

Эске салсак, жакында Индия Кашмирдин ѳзгѳчѳ макамынан ажыраткан. Үстүбүздѳгү жылдын 14-февралында Джаму жана Кашмирдеги террористтик акт болгондон кийин Индия мене Пакистандын ортосудагы мамиле солгундап калган. Индиянын 45 полицияя кызматкери каза болуп, 35 жаракат алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз