Суббота, 21 сентября

Мамлекеттик тил мыйзамына 30 жыл

0

Быйыл Кыргызстанда «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдыгы белгиленет. Ѳкмѳттүн ѳкүлү Жанна Саралаева бул иш-чараларды өткөрүш үчүн вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова башында турган уюштуруу комитети түзүлгөнүн иш пландары түзүлүп жатканын маалымат жыйында айтты. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбековдун айтымында, 1-сентябрда акындардын айтышы, 23-сентябрда гала-концерт өтөт. Мындан сырткары, аталган министрликке караган райондук гезиттер жана облустук телеканалдар, окуу жайлары жана мектептер, театрлар мамлекеттик тил майрамын белгилөөгө катышат.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова учурда кыргыз тилин үйрөтүү дүйнөлүк системада жүргүзүлө баштаганын, бала бакчаларда, мектептерде, ЖОЖдордо мамлекеттик тилди билүүнүн жаңы ыкмалары иштелип чыгып жатканын кошумчалады.

 Ал эми «Кыргызтест» мамлекеттик ишканасынын директору Батма Топоева-Ставинская мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата эл аралык конференция өтөрүн, «Кыргызтест» учурда бул багытта иштеп жаткан Орусиядагы, Казакстандагы, Голландиядагы уюмдар менен кызматташа баштаганын маалымдады.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзам 1989-жылы 23-сентябрда кабыл алынган. Коомчулукта кыргыз тилинин өнүгүшүнө зор салым кошот деген мыйзам иш жүзүндө толук иштебей жатканы тууралуу сын-пикирлер арбын. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз