Ысык-Көлдө “Формула-1” (F1H2O) дүйнөлүк чемпионатынын катышуучуларынын алгачкы машыгуулары башталды.
31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө Борбор Азияда биринчи жолу F1H2O боюнча дүйнөлүк чемпионат өтөт. Мелдешке дүйнө жүзүндөгү эң мыкты пилоттор катышат.
Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатовдун айтымында, эл аралык турнир үчүн бардык инфраструктура толук даяр. Эки айдын ичинде 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган аймак уюштурулду. Дүйнөлүк деңгээлдеги мелдешти өткөрүү үчүн бардык зарыл техникалык шарттар камсыз кылынды.
«Бул Кыргызстан жана Ысык-Көл үчүн гана эмес, бүткүл Борбор Азия үчүн тарыхый окуя. Бул биздин аймакта суудагы “Формула-1” боюнча дүйнөлүк чемпионат биринчи жолу өткөрүлүп жатат», — деди Кубатов.
Белгилей кетсек, бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол чемпионаттын амбассадорлорунун бири болууда.
