Пятница, 31 июля

Токаев Борбор Азия жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын жолугушуусунда сүйлөдү

0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбор Азия жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусунда аймактык кызматташтык акыркы жылдары тарыхындагы эң ийгиликтүү мезгилге жеткенин белгиледи.

Анын айтымында, өз ара ишенимдин чыңдалышы жана кызматташтыктын ырааттуу өнүгүшү Борбор Азия өлкөлөрүнүн саясий диалогун бекемдеп, инвестиция, энергетика, өнөр жай жана транспорттук-логистикалык тармактардагы өнөктөштүктү жаңы деңгээлге чыгарды.

Токаев ошондой эле Азербайжандын консультативдик жолугушууларга толук кандуу катышуучу катары кошулуусу бул форматтын өнүгүүсүндөгү жаңы жана маанилүү этап болгонун белгиледи.

Казакстандын президенти акыркы жылдары аймак ичиндеги соода көлөмү өсүп, биргелешкен ишканалар жана инвестициялык долбоорлор көбөйүп жатканын, ошондой эле маданий, билим берүү жана жаштар алмашуусу жаңы мазмун менен толукталып жатканын айтты.

Ошондой эле ал Борбор Азиянын эл аралык аброю өсүп жатканын белгилеп, буга Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы айкын далил экенин кошумчалады.

«Бул жетишкендиги үчүн президент Садыр Жапаровду жана кыргыз элин чың жүрөктөн куттуктайм», — деди ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз