Суббота, 1 августа

Борбор Азиянын өлкө башчылары “Формула-1” жарышын көрүүдө

0

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери суудагы “Формула-1” эл аралык жарышын көрүүгө келишти.

Бүгүн негизги жарыштар өтөт, анда спортчулар абройлуу турнирде жеңиш үчүн күч сынашат.

Белгилей кетсек, 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө Борбор Азияда биринчи жолу F1H2O боюнча дүйнөлүк чемпионаттын этабы өтөт. Мелдешке дүйнө жүзүндөгү эң мыкты пилоттор катышат.

Күн мурун, 31-июлда алгачкы машыгуулар болуп, спортчулар негизги жарыштардын алдында трасса менен таанышып, жабдууларын сынап көрүштү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз