Суббота, 1 августа

Ысык-Көлдө “Формула-1” мелдешинин ачылыш аземи өттү

0

Ысык-Көлдө суудагы “Формула-1” мелдешинин ачылыш аземи өттү. Анда флайборд менен асманга көтөрүлгөн кыз Кыргызстандын желегин желбиретти.

Чемпионатка бир катар өлкөлөрдүн спортчулары катышууда. Ошондой эле иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери ардактуу конок катары күбө болушту.

Эртең, 2-августта мелдештин негизги этабы өтөт. Анда чемпионаттын жеңүүчүлөрү аныкталат.

Белгилей кетсек, 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө Борбор Азияда биринчи жолу F1H2O боюнча дүйнөлүк чемпионаты өтүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз