Вторник, 11 августа

Улуттук көркөм сүрөт музейинде каллиграфия боюнча мастер-класс өтөт

0

12-августта Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде каллиграфия боюнча мастер-класс өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эл аралык каллиграфия күнүнө арналган иш-чара катышуучуларды каллиграфия өнөрүнүн негиздери менен тааныштырып, учтуу калем менен жазуунун ыкмаларын үйрөтүү максатын көздөйт.

Мастер-класста калемди туура кармоо жана колдонуу, жазуунун негизги элементтерин аткаруу боюнча практикалык көнүгүүлөрдү жасалат.

Мастер-класс каллиграфия менен мурда алектенбегендерге жана бул өнөрдү жакындан үйрөнүүнү каалагандарга ылайыкталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз