Вторник, 11 августа

Ат-Башыда кызыл китепке кирген жаныбарлардын териси табылды

0

Ат-Башы районунда эс алуучу жайдан Кызыл китепке кирген илбирс менен күрөң аюунун терилери табылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан текшерүүнүн жүрүшүндө тиешелүү иш кагаздар түзүлдү.

Эс алуучу жайдын ээси терилер болжол менен 30 жыл мурда алынганын билдирген. Бирок аны ырастаган тиешелүү документтерди көрсөтө алган эмес.

«Учурда аныкталган жагдайлар боюнча бардык материалдар чогултулуп, мыйзам чегинде баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө даярдалууда», — деп белгилешти министрликтен.
Эске салсак, мыйзамга ылайык илбирске келтирилген зыян үчүн 2 млн сомго чейин, ал эми күрөң аюуга 1,5 млн сомго чейин доо каралган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз