Баткен облусунда дүйнөлүк палеонтология илими үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон Мадыген аймагына арналган «Мадыген: дүйнөлүк маанидеги палеонтологиялык кенч» аттуу эл аралык талаа симпозиуму өтүп жатат.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чарага Баткен облусунун башчысынын орун басары Максатай Каримбердиева, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов, Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин директору Талантбек Турдуматов, Алматы шаарындагы К.И. Сатпаев атындагы Геология илимдери институтунун директорунун орун басары Саида Нигматова, ошондой эле кыргызстандык жана чет өлкөлүк окумуштуулар, адистер жана изилдөөчүлөр катышууда.
Мадыген аймагы дүйнөлүк маанидеги палеонтологиялык мурас катары бааланып, дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине киргизилди. Симпозиумда Мадыгендин дүйнөлүк палеонтологиядагы орду, аймактын уникалдуу табигый мурасын сактоо жана эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланууда.
Ошондой эле Мадыгендин илимий жана туристтик потенциалын жогорулатуу, геотуризмди өнүктүрүү боюнча пикирлер айтылууда.
Иш-чаранын уюштуруучулары — Улуттук илимдер академиясынын Геология жана палеонтология институту, Тянь-Шань геологиялык коому жана «Мадыген Геопарк» коомдук фонду.
Иш-чаранын жүрүшүндө Мадыгенди изилдөөгө жана дүйнөлүк илимий коомчулукка таанытууга салым кошкон окумуштууларга Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атынан ыраазычылык каттары тапшырылды.
