31-августта «Бишкек Аренада» өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билеттер сатыла баштады. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.
Билеттерди ticket.gov.kg расмий сайтынан сатып алууга болот. Билеттин баасы секторуна жана орунга жараша 5 000 сомдон 9 000 сомго чейин болот.
Белгиленгендей, «Бишкек Аренага» жеке автоунаа менен барууга болбойт.
Көрүүчүлөр үчүн Бишкек шаарындагы атайын белгиленген 22 пункттан акысыз трансфер уюштурулат. Автобустар саат 13:00дөн 15:00гө чейин каттайт. Акыркы каттам саат 15:00дө жөнөйт.
Бул убакыттан кийин «Бишкек Аренага» трансфер жүргүзүлбөйт. Андыктан, өзүңүзгө ыңгайлуу жөнөө пунктун алдын ала тандап, отуруучу жерге өз убагында келүү зарыл.
Трансфер экспресс-маршрут боюнча жүрөт, жолдо токтоочу жайлар каралган эмес.
Трансферлер жөнөөчү пункттар:
Ибраимов көчөсү – Фрунзе көчөсү;
Жибек-Жолу көчөсү, 605;
Барпы Алыкулов көчөсү, 32;
Саякбай Каралаев көчөсү, 62, 12-кичи район;
«Ак-Кула» автобекети;
Ауэзов көчөсү, 4;
Анкара көчөсү, 1/1;
Айыл көчөсү, 10А/1;
Жибек Жолу проспекти, 263/2;
Иса Ахунбаев көчөсү – Достоевский көчөсү;
Чакыруу билети менен келген коноктор үчүн;
Кожобергенов көчөсү, 13;
Эркиндик бульвары, 1/А;
Жаш Гвардия бульвары, 287;
Токтоналиев көчөсү, 104;
Шабдан Баатыр көчөсү, 52;
Москва көчөсү, 266;
Васильевский тракт, 18;
Гагарин көчөсү, 284;
Ала-Тоо жаңы конушу, 117;
«Ак-Жол» өткөрмө пункту;
«Манас» аэропорту.
Белгиленген жерлер тууралуу маалыматты «Менин шаарым» тиркемесинен көрүүгө болот.
Ачылыш аземи аяктагандан кийин көрүүчүлөр автобустан түшүрүлгөн пунктка кайра барышы керек. Ал жерден маршрутунун номери жана автобус баштапкы жөнөп кеткен дарек көрсөтүлгөн тактайчасы бар автобусту таап, ага отуруу зарыл. Трансфер көрүүчүлөрдү «Бишкек Аренага» алып келген пунка кайра жеткирет.
Маанилүү маалымат: Иш-чарага келерден мурун видеодо көрсөтүлгөн эрежелер менен сөзсүз таанышып чыгыңыздар.
«31-августтагы иш-чарага башка мамлекеттердин башчылары да катышат. Ушуга байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Бардык көрүүчүлөрдүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу максатында белгиленген талаптарга түшүнүү менен мамиле кылып, иш-чара учурунда аларды так сактоону өтүнөбүз»,-деп айтылат маалыматта.
Көрүүчүлөрдү эрте чогултуу убактысын, трансфердин жана иш-чаранын узакка созуларын эске алуу менен 7 жашка чейинки балдарды иш-чарага алып келүүгө жол берилбейт. Бул чектөө кичинекей балдардын ыңгайлуулугун жана бардык көрүүчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу максатында да киргизилген.
Билетти башка адамга өткөрүп берүүгө жана кайра сатууга болбойт.
Иш-чарага кирүү Face ID технологиясы аркылуу жүзөгө ашырылат. Ошондуктан, билет анын ээсинин жеке маалыматтарына байланыштырылган.
Белгилей кетсек, 31-августтагы иш-чара «Бишкек Арена» стадионунун расмий ачылышы болуп саналбайт. Бул күнү стадиондо 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтөт.
«Бишкек Арена» стадионунун кыргызстандыктар үчүн расмий ачылышы үстүбүздөгү жылдын 5-октябрь күнү чоң шоу-концерт менен өтүп, кирүү акысыз болот.
Иш-чаранын өткөрүлө турган күнү тууралуу кошумча маалымат берилет.
