Пятница, 20 сентября

Эмилбек Каптагаев Раиса Атамбаеваны колдоп чыкты

0

“Раиса Атамбаева мындай мамилеге татыктуу эмес… Бул менин жеке пикирим”, — деди коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев.
Ал соцтармактагы баракчасына мурдагы канайым тууралуу пикир калтырды.
“Тез-тезден болбосо да ар кандай кырдаалдарда, расмий жана бейрасмий абалда Раиса Атамбаева менен жолугуп калчумун. Үйүндө да бир нече жолу болгом. Эч убакта текеберленгенин, кыйынсынганын көргөн эмесмин. Ал мыкты кожойке, мээримдүү жубай жана камкор эне. Аны менен ар кандай абалда жолугуп калган адамдар жөнөкөйлүгүнө таң калышчу, өтө эле жөнөкөй десе да болот, көбү: “… кантип ушундай болсун, ал деген канайым да, президенттин жубайы…” – дешчү. Анткени, көпчүлүктүн эсинде Майрам Акаева сакталып калган да”, — деп жазды Каптагаев.
Коомдук ишмер андан ары мурдагы канайымга карата козголгон кылмыш иши боюнча кепти улаган.
“Ага каршы козголгон кылмыш иши боюнча эч нерсе дей албайм, анын чуулгандуу ишке катыштыгы болгонбу – билбейм. Бирок, үй-бүлөнүн кызыкчылыгына карай кытайлардын бизнесин тартып алышканы факт болсо керек. Тергөө баарын калыс иликтеп, жыйынтык акыйкат болооруна ишеним артам. Ага ден соолук, чыдамкайлык каалайм. Эми ал уулу Кадырбекти тыйышы керек. Учурдагы кырдаалда уулуна эмоцияга алдыруунун кереги жок, атасы үчүн өч алууну унутканы жакшы… Саясатта ойногонго аракеттенүүнү жыйыштырышы зарыл. Анткени, чоң саясатка чейин жол алыс, бирок кимдир бирөөнүн колундагы оюнчулугуна айланып калуусу бат эле…” – деп жазды Эмилбек Каптагаев.

Ушул жылдын 2-июнунда президенттин аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев камакка алынган. Ага сот чечимдерине үстөмдүк кылуу боюнча айып тагылган.
Арадан бир айдай убакыт өткөндөн кийин Манас Арабаевдин тергөө менен кызматташууга макул болгону жарыяланып, ага удаа мурдагы канайым Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө бергени жарыяланган.
Арабаевдин көрсөтмөсүндө, 2016-жылы БЛС курулуш компаниясы боюнча соттук ишти кароодо Раиса Атамбаева аны жолугушууга чакырган. Чакырык буйрук иретинде, талап кылуу менен коштолгону да белгиленген. Жолугушууга башка адамдар, анын ичинде уулу Раис дагы катышкан. Анда Атамбаева Арабаевден экинчи инстанциядагы сот процессине колдоо көрсөтүүнү суранган. Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы, ошол учурда эки кылмыш ишинин фигурантына айланган Эльвира Джаркееванын акталышы керектигин белгилеп, ишин УКМКнын кызматкери Алмаз Маткасымов аркылуу бүтүрүүнү талап кылган.
Мына ушул көрсөтмөнүн негизинде Раиса Атамбаевага кылмыш иши козголгону кечээ, 16-августта белгилүү болду. Мурдагы канайым эч качан сот ишине аралашпаганын, ал турмак кайсы сот шаардын кайсы тарабында жайгашканын билбей турганын айтууда.
“Саясат – булганган иш. Биринчи канайым катары эч бир ишке аралашпаганга аракет жасагам. Манас Арабаевдин көрсөтмөсү боюнча мага да кылмыш иши козголгонун бүгүн уктум”, — дейт Атамбаева.
Азырынча, кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат тийиштүү кызматтар тарабынан расмий жарыялана элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз