Суббота, 11 мая

Ысык-Көлдө куудулдар фестивалын өткөрүүгө ким тоскоол болду?

0

Коңшу элдердин ынтымагын бекемдөө максатындагы “Борончу fest” эл аралык күлкү фестивалы Ысык-Көлдүн жээгинде болуп өттү. Фестиваль быйыл биринчи жолу болуп өткөнүн куудул Борончу Кудайбергенов билдирди.
“Коңшу өлкөлөр Казакстан, Өзбекстандын куудулдары келип катышты. Быйыл фестивалдын тушоосун кестик”, — деди Кудайбергенов.
Фестивалга Кыргызстандагы улуу жана жаш муундар кошулуп, он алты куудул катышкан. Андан сырткары ырчы, бийчилер да өнөрлөрүн тартуулашкан. Коноктор менен чогуу катышуучулардын саны алтымыштан ашуун болгон.
“Келген коноктор Ысык-Көлдүн кооздугуна суктанышты. Бейиштей жерибиз барына биз да сыймыктанып калдык. Бир гана тоскоолдук – фестивалдын алдында өлкөдөгү саясий кырдаал курчуй түшкөнү келаткан коноктордун көбүн качырды. Билетин өткөрүп жиберип, келбей койгондор көп болду. Казакстандан келчүлөрдүн бир тобу чегара жабылып калабы деп коркушуп, кайра артка кайтышты”, — деди куудул.
Айтымында, иш чаранын чыгымы көп каражатты талап кылган жана ишкер Эркин Тентимишев демөөрчү болду.
“Бул жакшы самаалыкты жылдан жылга улантабыз деген ниетибиз бар. Буйруса, келерки жылы аймагыбызды кеңейтип, Украина, Татарстандан куудулдарды чакырабыз. Бул ынтымак фестивалы катары тааныларына ишенем”, — деди Борончу Кудайбергенов.
Ошондой эле, куудул кыргыз менен казактын ортосунда куудулдар сынагын өткөрүп жатат.
“Куудулдар сынагын кыргыз-казактын ортосунда гана өткөрүү мүмкүн. Анткени, эки элдин тили окшош, ким болбосун түшүнүп алат”, — деп белгиледи Борончу Кудайбергенов.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз