Суббота, 15 августа

ИИМдин жетекчиси Грузияга барды

0

Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе менен жолугушту.

ИИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Грузия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин, ошондой эле жогорку деңгээлдеги сапарлардын эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоодогу маанисин талкуулашты.

Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Кыргызстанга болгон сапарынын жүрүшүндө кол коюлган документтер эки өлкөнүн ар түрдүү тармактардагы өнөктөштүгүн кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө маанилүү негиз түзөрү белгиленди.

Өзгөчө көңүл коопсуздук жаатындагы эки тараптуу жана аймактык деңгээлдеги кызматташтык маселелерине бурулду. Тараптар өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча практикалык өз ара аракеттенүүнү жана тажрыйба алмашууну мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууда, ошондой эле заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын ортосундагы кызматташтыктын мааниси белгиленди.

Жолугушуу кыргыз-грузин кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө жана эки мамлекеттин ортосундагы конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө багытталган дагы бир маанилүү кадам болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз