Бүгүн, 14-августта саат 15:34тө Казакстандын түндүк жана түштүк бөлүктөрүн байланыштырган электр тармагы өчүп, Борбор Азиянын Бирдиктүү энергетикалык системасы обочолонгон энергетикалык режимге өткөн. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындан улам Кыргызстандын энергосистемасы убактылуу обочолонгон иштөө режимине өттү. Эрежелерге ылайык, жабдууларды сактоо үчүн автоматтык башкаруу системасы иштеди.
“Кырдаал энергетиктердин көзөмөлүндө. Энергосистеманын адистери иштөө режимин турукташтыруу жана электр энергиясы менен камсыздоону калыбына келтирүү үчүн зарыл чараларды көрүп жатышат. Учурда жарыгы өчүрүлгөн кардарлар жок жана керектөөчүлөргө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип жатат»,- деп маалымдашты министрликтен.
Кыска мөөнөттүү электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынын себеби тууралуу кошумча маалымат берилет.
