Четверг, 20 августа

Көчмөндөр оюндарына алып барчу автобустардын тизмеси жарыяланды

0

31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Бишкек шаарында өтө турган салтанаттуу ачылыш күнүндө көрүүчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында «Бишкек Аренага» жеткирүүчү атайын шаттл-автобустар уюштурулат.

Мэриядан билдиришкендей, шаттл-автобустар Бишкек шаарынын ар кайсы райондорунда жайгашкан атайын аныкталган 21 жерден каттайт. Шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору өздөрү үчүн ыңгайлуу болгон жөнөө пунктун тандап, ошол жерден шаттл-автобуска отуруп, «Бишкек Аренага» жете алышат.

Шаттл-автобустардын жөнөө пункттары:

Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши (мурдагы Батыш автобекети);
Барпы Алыкулов көчөсү, 32 (Киркомстром);
А. Токомбаев көчөсү, 3/7 (Асанбай кичи району);
«Ак-Кула» автобекети — Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13Б/1;
Ауэзов көчөсү, 4 (Аламүдүн-1 кичи району);
«Тунгуч» кинотеатры, 64/1 (Тунгуч кичи району);
Аул көчөсү, 10А/1 (Кожзавод);
Жибек жолу проспектиси, 263/2 (мурдагы Чыгыш автобекети);
Иса Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши (Көк-Жар конушунда);
Алтымышев көчөсү, 98/1;
Заречное айылы, Ала-Арча көчөсү, 1/6 (Глобус);
Эркиндик бульвары, 1/А (Темир жол бекети);
Жаш Гвардия көчөсү, 287 (Маевка айылы);
Малдыбаев көчөсү, 275/6 (Жаштар кварталы);
Шабдан Баатыр көчөсү (азыркы Чүй проспектиси), 52 (ДЕПО-2);
Ю. Фучик көчөсү, 6 (ДЕПО-1);
Дэн Сяопин проспектиси (азыркы Чүй проспектиси), 209;
Гагарин көчөсү, 284 — Фрунзе көчөсү менен кесилишкен жер;
Ала-Тоо көчөсү, 115 (Ала-Тоо конушу);
Тыналиев көчөсү, 16.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз