Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 20-августка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32…+37, Талас облусунда +29…+34, Ысык-Көл облусунда +23…+28, Нарын облусунда +24…+29 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +34…+36 градуска жетет.
