Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү тартибин бекитти.
Боршайкомдон маалымдашкандай, ошондой эле 19-августтагы жыйында президенттикке талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун иш тартиби бекитилди.
Жаңы жобого ылайык, аралыктан добуш берүүнү уюштуруу, өткөрүү, анын жыйынтыктарын чыгаруу жана жарыялоо жол-жоболору аныкталды.
Ал эми жумушчу топ талапкерлердин шайлоо документтерин жана шайлоочулардын кол тамгаларынын аныктыгын текшерет. Ошондой эле анын курамын түзүү, ишин уюштуруу жана текшерүүнүн жыйынтыктарын документтештирүү тартиби белгиленди.
Мындан тышкары, БШК айрым мурда кабыл алынган чечимдерди күчүн жоготту деп тааныган токтомдорду кабыл алды.
